Бишкектин шаардык мейкиндигин өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерди жана сунуштарды топтоо үчүн онлайн-платформа. Сиз заманбап жана ынгайлуу шаарды түзүү процессине түздөн-түз катыша аласыз. Сиздин идеяңыз жана сурамжылоонун натыйжалары Башкы планды иштеп чыгуунун негизин түзөт.
Бул 2050-жылга чейин шаарды өнүктүрүүнү аныктаган стратегиялык документ.
Башкы пландын долбоорун иштеп чыгуу Бишкек шаарынын аймагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын тургундарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Башкы планды даярдоонун алкагында калктын шаардык чөйрөнүн сапатына канааттануусун аныктоо максатында сурамжылоо жүргүздүк.
Сиздердин жоопторуңуздар шаардын маанилүү көйгөйлөрүн аныктоого, шаардыктардын муктаждыктарын жана өнүгүү келечегин түшүнүүгө, ошондой эле шаар куруу саясатынын дарегине сунуштарды иштеп чыгууга жардам берет.
Тургундардын ой-пикирлери
Шаардык чөйрөнүн сапаты жөнүндө сурамжылоо
Башкы план тургундардын ой-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыгат.
Сиз өз пикириңиз менен бөлүшүү жана сурамжылоого катышуу аркылуу документти иштеп чыгууга салым кошо аласыз. Анын натыйжалары долбоордун үстүндө иштөөдө эске алынат.
* Жөнөтүү баскычын басып, мен жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулдук берем.
* Жеке маалыматтарды иштетүү саясаты
Сиздин сунуштарыңыз
Иштеп чыгуучу
Тапшырыкчы
«Научно-Исследовательский Институт Перспективного Градостроительства» (НИИ ПГ), Санкт-Петербург шаары – Россия Федерациясынын долбоордук-архитектуралык борбору жана аймактык пландоо, шаар курууну зоналаштыруу жана аймакты пландоо жаатындагы лидер.
НИИ ПГ 1992-жылы Россия Федерациясынын эски долбоорлоо институттарынын бири – Петербургдун Ленин курулуш институтунун базасында түзүлгөн. Институт инновациялык ыкмаларды жана заманбап чечимдерди киргизүү, мейкиндиктикти талдоонун жаңы технологияларын колдонуу менен шаар куруу чөйрөсүндө 60 жылдык тажрыйбасы менен топтолгон кесиптик салттарды улантууда, бул мезгилдин чакырыктарына жана келечектин керектөөлөрүнө жооп берген комплекстүү жана туруктуу шаар куруу стратегияларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
НИИ ПГ өзүнүн ишмердүүлүгүнүн тарыхында федералдык деңгээлдеги жана региондук маанидеги 700дөн ашык бекитилген шаар куруу долбоорлорун даярдаган.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти (ЖТЖКШК) Бишкек шаарынын мэриясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле келечектүү шаар курууну пландаштыруу жана Бишкек шаарынын өнүктүрүү боюнча иштерди уюштурууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу муниципалдык башкаруу органы болуп саналат.
genplanbishkeka.com сайтындагы материалдарды колдонуу укук ээлеринин алдын ала макулдугу менен гана уруксат берилет. Сүрөттөргө жана тексттерге карата бардык укуктар НИИ ПГга таандык.